Баткен районунун аймагында жалпы ишембилик уюштурулуп, ага 3000ге жакын жаран активдүү катышты.
Иш-чаранын алкагында айлана-чөйрө тазаланып, таштандылар чыгарылды, бак-дарактар буталып, жол жээктери иретке келтирилди. Ошондой эле имараттар акталып, сырдалып, аймактын көрктөндүрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.




