Баткен райондук мамлекеттик администрациясында Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча райондук комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга район акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Отурумда Баткен РИИБ тарабынан 2026-жылдын 17-мартындагы кат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 9-мартындагы №14-2639 тапшырмасы жана Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук кеңештин 2026-жылдын 3-мартындагы №3 протоколу каралды.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү сунуштар берилип, жооптуу жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.


