Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Учурда сугат айдоо жерлерине үрөөн себүү жана жер айдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Бул тууралуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адиси Жанибек Туланов маалымдады.
Анын айтымында, быйыл жаз эрте келип, дыйкандар талаа иштерин 15-20 күн мурда башташкан.
Учурда аймактагы айдоо жерлери өз убагында иштетилип, үрөн себүү иштери ырааттуу уланууда. Айыл өкмөт тарабынан жазгы талаа иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү багытында тийиштүү чаралар көрүлүүдө.



