Баткен районунда 49 жаранга социалдык контракт тапшырылып, ар бирине 150 миң сомдон каржылык жардам көрсөтүлдү. Бул колдоо жарандарга өз алдынча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чарага район акими Данир Иманалиев катышып, каражатты туура пайдаланууга чакырды.
Социалдык контракт аркылуу жарандар мал чарбачылыгы, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш баштап, үй-бүлөлүк кирешесин жогорулатууга шарт алышат.






